БОШНЯКТАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:57, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОШНЯКТАР , б о с н и я л ы к т а р, б о с н и я л ы к м у с у л м а н д а р (өздөрүн bosnjaci, muslimane деп аташат) – түштүк-славян эли, Босния ж-а Герцеговинада жашаган ири этникалык топ. Сербиянын Санжак обл-нда, Черногория, Македония, Хорватия, Австрия, Түркияда да жашашат. Жалпы саны 3 млн киши (2013). Босния (босан) тилинде сүйлөшөт. Дини – мусулман-сунниттер; христиандар, иудейлер да бар. Б-дын этностук негизин осмон-түрк басып алууларынын (1463–82) мезгилинде ислам динине өткөн Босния ж-а Герцеговинадагы славян калкы, о. эле мусулман топтору (түрк, араб, курд ж. б.) түзгөн. «Б.» деген аталыш расмий түрдө 1993-ж. (буга чейин мусулмандар деп аталган) кабыл алынган. Мал чарбачылык, дыйканчылык ж-а бакчачылык м-н кесиптенишип, шаардыктар кабаттуу үйлөрдө, айылдыктар квартал-махалаларга бөлүнүп жашашат. Улуттук кийими – кенен көйнөк, шым (дими), желет (антерия), башына кызыл топу (конус тибинде) кийишип, эркектер белине жазы кур байлашат. Аялдардын жүздөрүн жабуу салты негизинен шаарларда сакталып, 1950-ж. расмий түрдө жокко чыгарылган. Тамак-ашы – негизинен ун, эт, дан азыктары.
Ш. Керимова.