БОЯРЛАР ДУМАСЫ
БОЯРЛАР ДУМАСЫ – 1) Байыркы орус мамлекетиндеги княздын алдындагы дружинниктери, жакын туугандары ж. б. жакын адамдарынан турган (1547-жылдан падыша алдында) кеӊеш органы. 2) Феодалдык бытырандылык мезгилинде князга караштуу анын тектүү вассалдарынан турган кеӊеш. 3) Россия падышалыгындагы 15-к-дын аягы – 18-к-дын башындагы аристократиянын улуу князы (падыша) алдындагы туруктуу сословиелик – өкүлчүлүк органы. Б. д. мыйзам чыгаруу, тышкы саясат, мамлекеттин ички түзүлүшү, дин ж. б. маселелерди талкуулаган. 17-к-дын 2-жарымында Б. д-нын ролу төмөндөп, Сенаттын түзүлүшүнө байланыштуу 1711-ж. жоюлган.