БӨЙРӨК-БУЛАК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БӨЙРӨК-БУЛАК – байыркы түрк тилинде рун алфавити м-н жазылган жазуулар табылган жер. Кочкор өрөөнүнүн түш.-чыгыш тарабындагы тоонун этегинде жайгашкан. Жазуунун бири колуна куш кондурган, калпак кийген атчан жоокердин сүрөтү, каркыра, аӊыр сымал куштардын ташка чегилген сүрөттөрү м-н коштолгон. Сүрөт композициясынын жалпы уз. 3,80 м. Атчан жоокердин сүрөтүнүн бийикт. 1,80 м. Ушундай көлөмдүү сүрөттөр о. к-дагы түрк тилинде сүйлөгөн калктардын мад-тында чанда кездешет. Жазуунун окулушуна караганда бул 8-к-дагы он ок элинин башкаруучусу Адыктын (Азык) атынан жазылган. Б. археол. эстелиги 1990-ж. К. Табалдиев ж-а Т. Абдыкеев тарабынан табылып, изилденген.
К. Табалдиев.