БӨЙРӨК ҮСТҮНДӨГҮ БЕЗ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БӨЙРӨК ҮСТҮНДӨГҮ БЕЗ – адамдын ж-а омурткалуу жаныбарлардын ички секреция бези. Бөйрөк үстүндө жайгашкан. Ал кыртыш (сырткы) ж-а мээ сымал (ички) катмардан турат. Кыртыш катмары ар түрдүү 50дөй гормонду иштеп чыгарат. Бул без минерал алмашууга таасир этүүчү – альдестерон; углевод ж-а белок алмашууга катышуучу, о. эле организмдин коргонуу реакциясын камсыз кылуучу – кортикостерон ж-а гидрокортизон; жыныс гормондору сыяктуу таасир берүүчү – андроген, эстроген ж-а прогестерон; ал эми мээ катмары адреналин ж-а норадреналин гормондорун бөлүп чыгарат. Алар нерв учтарына, жүрөк-кан тамыр системасына, алмашуу процесстерине таасир тийгизет. Анын кызматы нерв системасынын көзөмөлүндө өтүп, башка ички секреция бездери м-н тыгыз байланышта.