БӨКӨН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:57, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БӨКӨН (Saiga tatarica) – көӊдөй мүйүздүүлөр тукумундагы ача туяктуу жаныбар. Салм. 50 кгга жетет. Б-дүн денеси чымыр, буттары ичке, тумшугу дөмпөгөй. Ургаачысы кичирээк келип, токол болот, эркегинин мүйүзүндө шакекче сымал кырлары бар. Б-дүн жүнү жайында саргыч, кышында агыш тартат. О. Азия, Казакстандын талаа ж-а жарым чөлдөрүндө, Кавказ тоо этектеринде кездешет. Алар үйүр болуп жүрөт. Б. чөп, түрдүү өсүмдүк, бадал жалбырактарын жейт. Январда кууттан чыгат, 5 ай көтөрүп, 1–2 улак тууйт. Б-гө эти, териси, мүйүзү үчүн мергенчилик кылышат.