БӨКӨНБАЕВ Кулубек Жоомартович

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БӨКӨНБАЕВ Кулубек Жоомартович (13. 1. 1940-ж. т., Фрунзе ш.) – илимпоз-геолог, эколог, геол.-минералогия илимд. доктору (1993), проф. (2000).КР УИАнын корр. мүчөсү (1997). КРдин илимге эмг. сиӊ. ишмери (1994), 3-класстагы мамл. кеӊешчи (2004). Москва геол. чалгындоо ин-тун (1963) бүткөн. Кыргыз геол. Башкармасында инженер-геолог (1963–65), КР УИАнын Геол. ин-тунда ил. кызматкер, лабор. жетекчиси, ин-ттун директорунун илим б-ча орун басары (1965–95), КР айлана-чөйрөнү коргоо министри (1995–98), Тоолуу өлкөлөрдүн эл аралык маалымат-билим борборунун директору болуп иштеген (2002–06). 2006-жылдан Тоолуу аймактын өнүгүүсү улуттук борборунун төрагасынын орун басары. 200дөй ил. иштери петрология, минералогия, геохимия, металлогения ж-а экол. геохимияга арналган. «Ардак Белгиси» ордени м-н сыйланган.

Эмг.: Эволюция магматизма Средней Азии (в соавторстве). М., 1986; Гранитоиды Тянь-Шаня: проблемы генезиса, роль в формировании континентальной коры, рудоносность // Каледониды Тянь-Шаня. 1987; Нравственный императив И. Канта в художественном прозрении Ч. Айтматова // Изв. АН Кирг. ССР, ¹ 3, 1989; Экологическая безопасность Кыргызстана (в соавторстве). Б., 1998; Экология, окружающая среда и безопастность Кыргызстана. Б., 2004.