ВАЛАХИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:58, 18 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАЛА́ХИЯ – Румыниянын түштүгүндөгү тарыхый аймак. Карпат тоолору м-н Дунай д-нын ортосунда. Б. з. 106–271-ж. бул аймак Рим империясынын карамагында болгон. 3-к-дын аягында В-ны готтор м-н гепиддер, 4–6-к-да хунндар м-н аварлар ээлейт. 6-к-да бул жерге славян уруулары келе баштайт. 8–10-к-да В-нын бир кыйла аймагы Биринчи Болгар падышалыгынын курамына кирген. 9-к-да В-нын калкы болгарлардан христиан динин кабыл алышкан. В-ны 11–12-к-да печенегдер, кыпчактар ээлеген; 13-к-да бир бөлүгүн монгол-татарлар басып алган. 1324-жылдан В. өз алдынча княздык катары белгилүү. 14-к-дын аягынан В. мамлекети түрк экспансиясына каршы күрөш жүргүзүп келген, бирок 15-к-дын аягында түрктөргө биротоло баш ийген. 1826-ж. Россия м-н Түркиянын ортосунда түзүлгөн Аккерман конвенциясына ылайык В. өзүн-өзү башкаруу укугун алган. Россия м-н Түркиянын ортосундагы согуштун жыйынтыгында түзүлгөн Адрианополь тынчтык келишимине (1829) ылайык, Россиянын кепилдиги м-н В-нын кеӊири автономиясы камсыз кылынып, 1829–34-ж. аны Россия башкарып калат. 1848-ж. башталган рев-ялык окуялардын жүрүшүндө В-ны орус ж-а түрк аскерлери басып алган. 1856-жылдагы Париж тынчтыгынын шарттарына ылайык Осмон империясынын курамындагы Дунай княздыктарынын автономиясына Россия, Франция, Улуу Британия, Сардиния, Австрия, Пруссия ж-а Осмон империясынын кепилдигинин негизинде 1861-ж. январда Молдова господары А. Куза В-нын да господары болуп шайланып, В. м-н Молдованы бирдиктүү мамлекет катары жарыялаган ж-а аны Румыния деп атаган (к. Румыния, Молдавия).