БӨЛҮҮ
БӨЛҮҮ – көбөйтүүгө тескери арифм. амал, б. а. берилген көбөйтүндүнү ж-а көбөйтүүчүлөрдүн бири б-ча 2-көбөйтүүчүнү табууга мүмкүндүк берүүчү амал. а ны вга бөлүү вх=а болгондогу х санын табуу, а/в=х же а:в=х. Мында а – бөлүнүүчү, в – бөлүүчү, х тийинди деп аталат. Бүтүн сандарды Б. ар дайым эле орундала бербейт. А бүтүн санын в бүтүн санына бөлгөндө, тийинди бүтүн сан болсо, анда 1-сан 2-санга калдыксыз бөлүнөт же эселүү делет. Санды нөлгө бөлүүгө болбойт. Эгерде а саны в санына калдыктуу бөлүнсө, анда ал а=вх+у түрүндө жазылат. Мында у калдык, в>у.