БӨЛҮШТҮРГҮЧ ВАЛ
БӨЛҮШТҮРГҮЧ ВАЛ – машинанын ар кандай операцияны катары м-н аткаруу тартибин ж-а процесстин кайталанып турушун башкаруучу түзүлмө. Ал кээде муштумчалуу вал деп да аталат. Б. в. ичинен күймө кыймылдаткычта, станокто, машинада колдонулат. Анын башкаруучу органы – муштумчалар. Машинанын түзүлүшүнө жараша муштумчалар вал м-н туташ жасалат, кээде ал муштумчалары бөлөк жасалып, вал отургузулушу мүмкүн. Ал ичинен күймө кыймылдаткычта газ бөлүштүрүүчү органдарды, станокто технол. процессти иштетүү тартибинен баштап, ар кандай аспаптарды алмаштыруучу механизмди башкарууга арналат.