БӨЛҮШТҮРҮҮ ХРОМАТОГРАФИЯСЫ
БӨЛҮШТҮРҮҮ ХРОМАТОГРАФИЯСЫ – суюктук хроматографиясынын бир түрү. Ал башка түрлөрүнөн кыймылсыз фазанын агрегаттык абалы б-ча гана айырмаланат. Б. х. заттын катуу сорбентке жайгашкан бири-бири м-н аралашпаган суюк кыймылдуу ж-а кыймылсыз фазалардын ортосундагы ар кандай бөлүнүүгө негизделген. Кыймылдуу фаза катары бөлүнүүчү заттарды кармоо убактысына жараша хлороформ же диоксан кошулган углеводороддор колдонулат. Эгерде адсорбенттин бетине ири молекулалуу каныккан углеводороддор жиберилсе, анда кыймылдуу фаза катары суу – спирт ж-а суу – ацетон аралашмасы колдонулат.