БӨЛҮШТҮРҮҮЧҮ ЭЛЕКТР ТАРМАГЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БӨЛҮШТҮРҮҮЧҮ ЭЛЕ́КТР ТАРМАГЫ – азыктандыруучу булактан ток кабыл алгычка электр энергиясын берүүчү электр тармагы. Ал кардарларга энергияны түздөн-түз берет. Андагы чыӊалуу 1 кВко чейин ж-а андан да жогору болот. Ал магистралдык, радиалдык ж-а туюк, түзүлүшү б-ча – ачык же кабелдик электр тармагы түрүндө кездешет.