ВАЛЕНСА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:32, 18 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата 2-tom>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАЛЕ́НСА Лешек Михал (Лех) (29. 9. 1943-ж. т., Куяв-Помор воеводствосу, Попово) – польшалык саясий ж-а мамл. ишмер. Польшанын президенти (1990–95) 1961–63- ж-а 1965–67-ж. машиналарды эксплуатациялоо б-ча мамл. борбордо электр-механик, 1963–65-ж. Польша аскеринде аскер кызматчысы, 1967-жылдан Гданьскидеги кеме куруучу ишканада электрик болуп иштеген. 1976-ж. жумушчу толкундоолоруна катышкандыгы үчүн иштен айдалган. 1980-ж. кеме верфинде башталган толкундоо учурунда иш таштоо к-тин жетектеген. Ошол эле жылы уюшулган «Тилектештик» профсоюз уюмунун лидери катары өкмөт өкүлдөрү м-н профсоюздардын укугун кеӊейтүү б-ча сүйлөшүүлөргө катышкан. «Тилектештик» уюму Польшадагы таасирдүү уюмга айланган. 1981-ж. Польшада согуштук абал киргизилип, «Тилектештикке» тыюу салынган ж-а В. камакка алынган (1982-ж. бошотулган). 1998-жылдан Христиан демократтары партиясынын төрагасы. Нобель сыйл. лауреаты (1983).