БӨРҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БӨРҮ – Ош обл-нун Кара-Суу р-нундагы кыштак. Папан айыл округуна караштуу. Райондун борбору Кара-Суу ш-нан 82 км түш.-батыш тарапта. Ош темир жол бекетинен 38 км. Деӊиз деӊг. 1260 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 1853 (2009); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб, ашкана, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү бар.