БРАЗЗАВИЛЬ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БРАЗЗАВИ́ЛЬ – Конго Респ-нын борбор шаары. Адм. жактан коммунага бөлүнөт. Конго д-нын төмөнкү агымынын оӊ жээгинде, Киншаса (Конго Демокр. Респ.) ш-нын тушунда жайгашкан порт. Калкы 1,7 млн (2015). Темир жол ж-а автомобиль жолу аркылуу Пуэнт-Нуар деӊиз порту м-н байланышат. Эл аралык аэропорту бар. Текстиль, кийим тигүү, ширеӊке, тамеки, тамак-аш (май, пиво кайнатуу, балык туздоо ж-а кургатуу) өнөр жайы, нефть ажыратуу, кеме ремонттоо ишканалары иштейт. Жыгачка оймо салуу, кооз карапа чыгаруу өөрчүгөн. Ун-т, Улуттук музей бар. Борб. бөлүгү – асфальтталган кенен көчөлөрү, азыркы типте салынган имараттары ж-а бак-дарактуулугу м-н айырмаланып, адм. ж-а финансы мекемелери, соода ж-а өнөр жай кварталдары дарыя жээгинде жайгашкан. 1903–50-ж. Ортонку Конгонун, 1910–58-ж. Француздук Экватор Африкасынын, 1958–60-ж. Конго Респ-сынын адм. борбору. Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде «Эркин Франция» (1942-жылдан «Күрөшчүл Франция») кыймылынын таяныч пункту. Француз аскер посту катары 1880-ж. негизделген. 1980-жылдан эл аралык туризм өнүгүүдө. Шаарга жакын ГЭС курулган.