БРАЗИЛИЯЛЫКТАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БРАЗИЛИЯЛЫКТАР (өздөрүн бразильенуш деп аташат) – эл, Бразилиянын негизги калкы. Парагвай, Аргентина, АКШ, Япония, Испания ж-а Португалияда да жашашат. Жалпы саны 210 млн (2017) адам, а. и. Бразилияда 207 млн. Португал тилинде сүйлөшөт, о. эле испан тили да кеӊири тараган. Калкы негизинен католиктер (73,6%), протестанттар (15,4%). Б-дын этностук негизин пор

Эгемендүүлүк күнү. Сальвадор ш.

тугалдыктар (португалиялык колониячылар) ж-а негрлер (Африкадан эрксиз алынып келинген) м-н ассимиляцияланган жерг. индейлер (тупи-тапуайялар, аравактар, карибдер) түзөт. Колониялаштыруу мезгилинде (16-к. башы – 19-к. 1-жарымына чейин) расалык-социалдык иерархия түзүлүп, жогорку баскычта ак расадагылар (европалыктар), андан кийинки баскычта метистер (индей португал аргындары) ж-а мулаттар (негр кулдар м-н португалиялык колониячылардын), төмөнкү баскычта кул-негрлер турган. Аймактагы элдердин ортосунда өз ара чарбалык, маданий карым-катнаштардын натыйжасында индейлер португалдардан дыйканчылык ж-а чарбачылыктын ыкмаларын, тилин, динин, айрым каада-салтын өздөштүргөн. Ал эми португалдар индейлердин турмуш-тиричилигинен, мад-тынан көп нерселерди кабыл алган. Учурда мындай карым-катнаштардын негизинде тилинде 20 миӊдей индей тилинен алынган сөздөр кездешет. Б. индейлердин алачыгы сымал, бирок тери м-н жабылган үйлөрдө, айрым жерлерде дубалы топурактан согулуп, чатыры камыш, пальманын жалбырагы же черепица м-н жабылган үйлөрдө жашашкан. Көз каранды эместик үчүн күрөштүн натыйжасында 1888-ж. кулчулук жоюлуп, 1889-ж. Бразилиянын респ. катары жарыяланышы өнөр жайдын өнүгүшү улуттук биримдиктин күч алышына өбөлгө түзгөн. Бразилиянын түндүгүндө жашаган индейлер ж-а метистер каучук, жаӊгак ж-а дары өсүмдүктөрүн жыйноо, о. эле мал чарбачылык м-н алектенишет. Мындан тышкары кофе өстүрүү кеӊири жайылган. Деӊизге жакын жашагандар балыкчылык м-н кесиптенишет. Өлкө калкынын көбү шаарда жашашат. Элдик майрамы жыл сайын өткөрүлүүчү бир нече күнгө созулган – карнавал.
Ш. Керимова.