БРАКОНЬЕРДИК
БРАКОНЬЕРДИК (фр. braconnier – тыюу салынган аӊчылык, балык уулоо ж-а токой кыюу м-н алектенген адам) – мыйзамсыз жапайы айбанаттарга аӊчылык кылуу, токой кыюу ж. б. аракеттер. Б-ке тыюу салынган жерге ж-а жыл мезгилинде атайын уруксатсыз аӊчылык кылуу, Кызыл китепке кирген жаныбарларды кармоо ж-а атуу, өсүмдүктөрдү жок кылуу, промыселдик куштардын жумурткасын же жүнүн чогултуу, уяларын бузуу ж. б. кирет. Африкада Б-тен 1870–1980-ж. кериктердин саны 10 эсе азайган. Африканын кээ бир мамлекеттеринде аӊчылыктан (пилдин сөөгү үчүн) пилдин саны 1973–87-ж. кескин кыскарып кеткен: Кенияда 85%, Танзанияда 53%, Угандада 89% ж. б. Мындай көрүнүш дээрлик бардык мамлекеттерде байкалууда. Б. чыгымдар б-ча адм.-экол. кылмыш болуп, айбанат промыселинин ресурстарына олуттуу экон. ж-а моралдык зыян келтирүүдө. Кырг-нда Б-тен айрыкча айрым жаныбар (кызыл карышкыр, илбирс, Мензбир сууру ж. б.) ж-а канаттуу (ителги, чөл ылаачыны, тоодак ж. б.) түрлөрү жабыр тартып, күз-кыш мезгилдеринде отун үчүн дарактар м-н бадалдар массалык түрдө кыркылууда.
А. Нишанов.