БРЕКЧИЯ
БРЕ́КЧИЯ (итал. breccia – сындыруу, талкалоо) – тоо тектердин 10 мм ж-а андан чоӊураак өлчөмдөгү жумуруланбаган кырдуу сыныкчаларынан камдашып түзүлгөн тоо тек. Б. бир же бир нече тоо тек сыныктарынан турат. Сыныкчаларынын өлчөмү б-ча Б. келки (>1000 мм), чоӊ, орто, кичине сыныкчалуу (1000–100 мм) ж-а чоӊ, орто, жумуруланбаган шагыл таштар (100–10 мм) болуп бөлүнөт. Пайда болушуна жараша Б. – чөкмө, жанар тоо-чөкмө ж-а тектон. болуп айырмаланат. Б-нын кээ бир түрү курулуш материалы катары колдонулат.