ВАКУУММЕТР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:29, 17 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата 2-tom>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАКУУММ́ЕТР (вакуум ж-а ...метр) – сейректелген газ басымын (105–10–12 Па) өлчөөчү прибор. Бардык тармактагы төмөнкү басымды өлчөөчү универсалдуу В. болбойт. В. түзүлүшү ж-а иштөө принциби б-ча суюктуктуу, мех., жылуулук, электрондук иондоштургуч, магниттүү – электр разряддуу, илээшкектүү, радиометрдик болуп бөлүнөт. С у ю к т у к т у у (гидростатикалык) В-де суюктугу (сымап же буу серпилгичтиги төмөн май) бар түтүк (столб) басым өзгөрткүч болуп эсептелип, газ басымын ж-а белгилүү басымды теӊдейт. Мындай В-дин кемчилдиги – суюктук буусу вакуум системасына кирип кетет, о. эле басым өлчөө диапазону аз. М е х. В-де газ басымын сезгич (серпилгич) элемент (сильфон, мембрана ж. б.) сезет же кабыл алат. Мех. В-дин сезгичтигин жогорулатуу үчүн серпилгич элемент экинчи өзгөрткүч (көлөмдүк, индукциялык ж. б.) м-н туташтырылат. Ж ы л у у л у к В-инде басым астында сейректелген газдардын жылуулук өткөргүчтүгү пайдаланылат. Электр тогу м-н ысытылган өткөргүч басым өзгөрткүчүнүн сезгич элементи болуп кызмат кылат. Э л е к т р о н д у к и о н д о ш т у р г у ч В-де ысытылган катоддон чыккан электрондор анодду көздөй тез жылат ж-а газ молекулаларын иондоштурат; пайда болгон иондор коллектор чынжырында басымга пропорциялуу ток пайда кылат. М а г н и т т ү ү э л е к т р р а з р я д д у у В-де басым – электр ж-а магнит талаалары чогуу таасир эткен учурда өтө сейректелген газда пайда болуучу электр разрядынын тогу б-ча аныкталат. И л э э ш к е к т ү ү В-де сейректелген газдын басымдын таасиринен болгон ички сүрүлүүгө көз карандылыгы пайдаланылат. Басым ченелүүчү газдуу идиштеги эркин кыймылдагы нерсенин (вибратор) токтоо мөөнөтү же декремент басым ченеми болуп эсептелет. Р а д и о м е т р д и к В. сейректелген газдуу ар кандай темп-ралуу чөйрөгө салынган эки пластинанын түртүлүшүнө – радиометрдик натыйжага негизделген. Пластиналардын түртүлүшү газ басымына пропорциялуу болот. Негизинен В. басымды башка физ. чоӊдукка (сигналга) өзгөрткүчтөн (датчиктен) ж-а бул сигналды өлчөп, жыйынтыгын шкала түрүндөгү эсептегич түзүлүшкө берүүчү өлчөөчү блоктон турат.