БРЕННЕР
БРЕ́ННЕР (кельт тилинде bren – тоо) – Чыгыш Альп тоолорундагы ашуу. Австрия м-н Италиянын чек арасында. Бийикт. 1371 м. Ашуунун астындагы тешкен тоо аркылуу Инсбрук (Австрия) ж-а Больцано (Италия) ш-н байланыштыруучу темир жол ж-а автомобиль жолу өтөт.