БРЕСТ ЧЕБИ
БРЕСТ ЧЕБИ – Брест ш-нын (Беларусь Респ.) жанындагы баатыр чеп; Мухавецтин Буг д-на куя берген жеринде. Чеп 1833-ж. курула баштаган. 19-к-дын 2-жарымында, 20-к-дын башында бир нече ирет бекемделип, жаӊыртылган. 1-дүйнөлүк согушта (1914–18) өзүнчө курулган айрым бекинүү жайынан, форттордон турган бекем чепке айланган. 1919–39-ж. чеп Польшанын карамагында болуп, 1939-ж. СССРге кайтарылган. Б. ч. Ата Мекендик согушта 28 сутка бою (1941-ж. 22-июнь – 20-июль) баатырдык коргонуусу м-н даӊкы чыккан. Согуш башталган күнү мында 3,5 миӊ кишиден турган 42- ж-а 6-аткычтар дивизиясынын айрым бөлүктөрү м-н чек арачылар өздөрүнөн алда канча көп душмандын соккусуна туруштук берген. Коргонууга майор П. М. Гаврилов, капитан И. Н. Зубачёв ж-а полк комиссары Е. М. Фомин жетекчилик кылган. Б. ч-нин баатыр коргоочулары адам чыдагыс шарттарда (суусуз, тамаксыз, дары-дармексиз) согушуп, зор жоготууларга карабастан, бир ай бою душмандын бир дивизиясын токтотуп турушкан. Көбү баатырларча курман болгон, айрымдары партизандарга кошулган, алсырагандары ж-а оор жарадарлары гана туткунга түшкөн. Б. ч-не 1965-ж. 8-майда «Баатыр чеп» деген ардактуу наам берилген, Ленин ордени ж-а Алтын Жылдыз медалы м-н сыйланган.
Ад.: Смирнов С. С. Герои Брестской крепости. М., 1961.