БРЕХТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БРЕХТ Бертольт (10. 2. 1898, Аугсбург – 14. 8. 1956, Берлин) – немец жазуучусу, режиссёр, коомдук ишмер. Мюнхен ун-тинин медицина ф-тинде окуган. Ал «Курман болгон солдат жөнүндө легенда» (1918) аттуу согушка каршы жазылган сатиралык балладасы м-н элге кеӊири таанылган. Экспрессионизмге полемика катары жазган «Ваал» (1918), «Шаар уюктарында» (1924) пьесаларын жарыялаган. Анын көз карашындагы коомдук, филос., саясий өзгөрүштөр «Ал солдат менен бул солдатта эмне айырма» (1927) пьесасы м-н «Махагони» муз. комедиясында ачык көрүнөт.

Фашисттер өкмөт башына келгенден кийин (1933) ал Германиядан кетип, эмиграцияда жүргөн жылдары «Сезуандык мээримдүү киши» (1938–40), «Кураж эне жана анын балдары» (1939), «Галилейдин турмушу» (1938–39) ж-а «Швейк экинчи дүйнөлүк согушта» (1944) аттуу ж. б. жаӊычыл чыгармаларын жазган. Эмиграциядан келип, 1949-ж. атактуу «Берлин ансамбли» театрын уюштурган. ГДРдин 1-даражадагы улуттук сыйл. (1951), Элдердин ортосундагы тынчтыкты чыӊдагандыгы үчүн эл аралык Лениндик сыйл. лауреаты (1954) болгон.