БРИЗ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:57, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БРИЗ (фр. brise – сыдырым жел) – деӊиз, чоӊ көл ж-а айрым ири дарыя жээктеринде мезгил-мезгили м-н болуп туруучу жергиликтүү сыдырым жел. Б. багытын суткасына эки жолу өзгөртөт. Күндүз деӊизден кургактыкка, түнкүсүн кургактыктан деӊизге карай согот. Себеби күндүз кургактык деӊизге караганда бат жылып, андагы жылыган абаны деӊиздеги муздак аба сүрө баштайт. Түнкүсүн тескерисинче, жер бат сууп, деӊиз жай муздайт. Б. жээк эки тарапка теӊ 10–50 км аралыкка ж-а бир нече жүз метр бийиктикке чейин жетет. Ылдамдыгы 1–5 м/сек; айрым учурда андан да ылдам болот. Ошондуктан Б. көбүнчө жалпы атм. циркуляциясы м-н коштолот. Тропик алкактарында тез-тез болуп турат. Ортонку кеӊдиктерде туруктуу антициклондук аба ырайы үстөмдүк кылган жерлерде байкалат.