БРИМКУЛОВ Улан Нургазиевич

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:57, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БРИМКУЛОВ Улан Нургазиевич (2. 8. 1948-ж. т., Жалал-Абад обл., Токтогул ш.) – информатик, техника илимд. доктору (1992), проф. (1995), КР УИАнын корр. мүчөсү (1999). Москва энергетика ин-ттун (1972), анын аспирантурасын (1978) ж-а докторантурасын (1991) бүтүргөн. ФПИде ассистент (1972), окутуучу, доцент, кафедра башчысы (1991–92), Бишкектеги Менежмент ж-а бизнес эл аралык мектебинин проф. (1992–93), Жалал-Абад мамл. ун-тинин ректору (1993–95), Билим берүү, илим ж-а мад-т министринин 1-орун басары (1995–98), КТУнун ректору (1998–2003), КУУда декан (2003-ж-дан). Экспериментти пландоо ж-а ил.-из-лөрдү автоматташтыруу б-ча адис. 120дан ашуун ил. эмгектин, а. и. 4 монографиянын автору.
Эмг.: Планирование регрессионных экспериментов при исследовании случайных полей (в соавторстве). М., 1978; Компьютер жана интернет (авторлош). Б., 2004.