БРИСБЕН
БРИ́СБЕН – Австралиянын чыгышындагы шаар. Квинсленд штатынын адм. борбору. Калкы 2,3 млн (2016.). Брисбен д-нын боюнда, Тасман деӊизинин жээгинде жайгашкан. Ири жолдор тоому. Океан кемелери үчүн ыӊгайлуу порт. Эл аралык аэропорту бар. 1824-ж. негизделген. Шаардын тарыхый борборунда ратуша, парламент үйү, айкелдер композициясы жайгашкан. Король Георгий аянты ун-ттер, музей, иск-во гал., театрлар ж. б. бар. Ботан. бак, зоопарк уюштурулган. Эл аралык кинофестивалдар, бүткүл дүйнөлүк «Экспо-1988» көргөзмөсү өткөрүлүп турат. Б. – өлкөнүн ири өнөр жай борбору. Машина куруу (станок, өнөр жай жабдуулары, локомотивдер), хим. нефть-хим., нефть ажыратуу, тамак-аш, жеӊил өнөр жай ишканалары, кеме верфи иштейт. Аскерий вертолёттор чогултулат.