БРИТАН ИМПЕРИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:57, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БРИТА́Н ИМПЕРИЯСЫ – Улуу Британиянын ж-а анын колониялык ээликтеринин жалпысынан аталышы. Англия 12-к-да Ирландияны, 1583-ж. Ньюфаундленд а-н каратып, 1607-ж. Түн. Америкада (Виргиния) алгачкы колониясын негиздеген. 16-к-дын аягы – 17-к-дын башындагы согуштарда өзүнүн башкы атаандашы Испанияга бир нече жолу катуу сокку урган. Англиянын Ост-Индия ири соода монополия компаниясы соода жүргүзүү м-н гана чектелбестен, Азия м-н Африкадагы мерчемдүү жерлерди ээлеп ала баштаган. 17-к-да ошол кездеги күчтүү колониялык державалар – Испанияга, Голландияга, Францияга каршы күрөштө англ. колониячылар жеӊип чыгып, Азия, Африка ж-а Америкада зор аймактарга ээ болушкан. 1775–83-ж. Түн. Америкада көз каранды эместик үчүн жүргүзүлгөн согуштун натыйжасында Англия андагы 13 колониясынан ажыраган. Бирок буга карабастан, Англия 19-к-дын 1-жарымында Австралия, Жаӊы Зеландия ж-а Түш. Африканы колониялаштырууга өтөт. Соода жүргүзүү үчүн Кытайдын бир катар портторун зордук м-н пайдаланып, басып алган Сянган (Гонконг) а-н, кийин Кытайдагы экспансиясынын таяныч пунктуна айландырган. 19-к-дын ортосунан баштап Улуу Британия зор аймактуу колонияларга ээ болуп, дүйнөлүк рынокто монополиялык абалга жетишкен. Б. и-нда экон. байланыш системасы түзүлүп, колониялар сырьё берүүчү булакка ж-а товарларды сатып өткөрүүчү рынокко айланган. Англиянын колониялык эзүүсүнүн күчөшүнөн бир катар көтөрүлүштөр чыккан. Алардын эӊ ириси – Индиядагы элдик көтөрүлүш (1857–59) колониячыларды Индиядагы башкаруу системасын өзгөртүүгө мажбур кылып, 1858-ж. Ост-Индия компаниясы жоюлган. 20-к-да колониялык системанын бузулушу м-н Б. и. деген түшүнүктүн ордуна Улуттардын Британ шериктештиги түшүнүгү киргизилген, 1947-жылдан Шериктештик деп аталат. Ага Улуу Британия ж-а анын мурдагы көпчүлүк доминиондору ж-а колониялары кирген.