БРОДСКИЙ
БРО́ДСКИЙ Исаак Израилевич [25. 12. 1883 (6. 1. 1884), Таврия губ., Софиевка кыш. – 14. 8. 1939, Ленинград] – орус живописчиси ж-а графиги, РСФСРдин иск-вого эмг. сиӊ. ишмери (1932). Алгач Одесса көркөм сүрөт окуу жайында, 1902–08-ж. Петербургдагы Көркөм сүрөт академиясында И. Е. Репинден окуган. 1905–07-ж. бир нече саясий карикатураларды тарткан. Б-дин тарыхый-рев-ялык мүнөздөгү чыгармалары («Коминтерндин II конгрессинин салтанаттуу ачылышы», 1920–24; «Бакулук 26 комиссардын атылышы», 1925) бар. Анын «В. И. Ленин Кремлдин фонунда» (1924), «В. И. Ленин Смольныйда» (1930) портреттери, пейзаждары белгилүү. Ленин ордени м-н сыйланган.

1925. И. И. Бродскийдин үй-музейи (С.-Петербург).