БРОНХИТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:57, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БРОНХИ́Т – колконун былжыр челинин сезгенишинен болгон дем алуу органдарынын оорусу. Катуу кармоочу ж-а өнөкөт түрү бар. Катуу кармоочу Б-ти жугуштуу ооруларды козгоочу микробдор пайда кылат. Ал мурун, коко (ларингит), кулкун (фарингит) ж-а кекиртектин (трахеит) сезгенүүлөрү м-н коштолот. Оорунун пайда болушуна суукка урунуу, аба темп-расынын кескин өзгөрүшү ж-а нымдуу абада көпкө болуу себеп болот. О. эле тамеки тартуу, арак ичүү, өнөкөт оорулардан организмдин начарлашы түрткү берет. Катуу кармаган Б-те булчуӊ эт ооруйт, мурун бүтөт, көкүрөк кысылат. Андан кийин акырындап жөтөл күчөйт, аз болсо да какырык пайда болот, дене ысыйт. Оорулуу врачтын көрсөтмөсүн так аткарып, гигиеналык талапты сактаган учурда бир нече күндө толук айыгып кетет, кээде көпкө созулуп, өнөкөт түрүнө өтүп кетиши мүмкүн. Оору кышында күчөп, көбүнчө башка оорулар м-н коштолот. Катуу кармаган Б-те анын түрү м-н стадиясына жараша ар түрдүү дарылар берилет. Алдын алуу үчүн организмди чыӊдоо, жугуштуу ж-а зыяндуу факторлордон сактануу керек.