БРОНХОЭКТАЗ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БРОНХОЭКТА́З (бронх ж-а гр. tktasis – кеӊейүү, чоюлуу) – дем алуу органдарынын бронхтун айрым бөлүктөрүнүн бузулуп кеӊейиши ж-а деформацияланышы м-н мүнөздөлгөн оорусу. Анын тубаса ж-а кийин пайда болгон түрлөрү бар. Тубаса түрү аз кезигет. Кийин пайда болгон түрүнө өнөкөт бронхит, өпкө кагыны (пневмония), сасык тумоолор, балдардын кээ бир жугуштуу оорулары (көк жөтөл, кызылча), грипп ж. б. себеп болот. Өнөкөт бронхитте сезгенүүдөн бронхтун былжырлуу ж-а булчуӊдуу кабыктары бузулуп кеӊийт, дем алуу жолдоруна какырык толуп, үстөккө-босток узакка созулган жөтөлдөн пайда болгон басым бронхтун ички бетине таасир этип, аны кеӊейтет. Белгилери: бейтап чыйрыгат, денеси ысыйт, тез-тез катуу жөтөлөт, ириӊдүү, сасык какырык чыгат, айрыкча эртеӊ м-н өтө көп бөлүнөт. Кээде оору күчөгөндө кан түкүрөт. Аны алдын алууда дем алуу органдарынын катуу кармаган ж-а өнөкөт ооруларын өз убагында туура дарылоо зарыл.