БРОУН КЫЙМЫЛЫ
БРО́УН КЫЙМЫЛЫ – суюктук же газдагы өлчөмү 10–6мден кичине бөлүкчөлөрдүн өзүнүн айлана-чөйрөсүндөгү молекулалардын кагылышынан пайда болгон иретсиз кыймылдоосу. Аны 1827-ж. анг. окумуштуу Р. Броун ачкан. Кыймыл чөйрө темп-расы жогорулаганда, илээшкектиги төмөндөгөндө, бөлүкчө кичирейгенде күчөйт. Бул теорияны 1905–06-ж. А. Эйнштейн ж-а польшалык физик М. Смолуховскийлер толуктап түзүшкөн. Чөйрө молекулаларынын жылуулук кыймылынан ж-а айланасындагы молекулалар бөлүкчөлөрүнүн кагылышынан Б. к. пайда болот. Чөйрө молекулаларынын кагылышы бөлүкчөнү баш аламан кыймылга келтирип, бөлүкчө кыймылынын багыты ж-а ылдамдыгы тез өзгөрөт. Эгерде бөлүкчөнүн абалын бирдей убакытта белгилесек татаал, чаташкан траектория чийилет. Б. к. мол.-кинетикалык теориянын атом, молекулалардын баш аламан кыймылы ж-дөгү түшүнүгүн эксперименттик түрдө далилдейт. Б. к. теориясы статикалык механиканы изилдөөдө чоӊ роль ойногон, ал практикалык мааниге да ээ. Б. к. өлчөгүч приборлордун өлчөө тактыгын чектейт.