БРУНЕЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:57, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БРУНЕ́Й , Б р у н е й Д а р у с с а л а м м а м л е к е т и – Түш.-Чыгыш Азиядагы мамлекет. Калимантан (Борнео) а-нын түндүгүндө жайгашкан. Түндүгүн Түн.-Кытай деӊизи чулгайт. Калган жактары өлкөнү экиге бөлүп турган Саравак штаты (Малайзия) м-н чектешет. Аянты – 5,8 миӊ км2.

Калкы – 437,5 миӊ (2020). Борбору – Бандар-Сери-Бегаван ш. Мамл. тили – малайя тили. Акча бирдиги – бруней доллары. Адм.-аймактык жактан 4 дистрикке бөлүнөт.
Б. – унитардык мамлекет. Шериктештиктин курамында. Конституциясы 29-сентябрда 1959-ж. күчүнө кирген. Башкаруу формасы – абсолюттук монархия (султандык). Мамлекет башчысы – султан. Мыйзам чыгаруу бийлиги султандын декреттеринин негизинде жүзөгө ашырылат. Саясий партиялары: Бруней элинин көз каранды эместик фронту ж-а Бруней улуттук биримдик партиясы.
Таблица бар
Аймагынын басымдуу бөлүгү саздуу ойдуӊ, чыгыш жагы тоолуу (Б. эӊ бийик жери – 1850 м, Букит-Пагон тоосу), батышы бийикт. 300 м болгон адырлуу түздүк. Түш.-Кытай деӊизинин жээги нефть м-н жаратылыш газына бай. Климаты экватордук, ысык ж-а жыл бою нымдуу. Жылдык орт. темп-расы 27°С. Жаан-чачыны жээк тилкесинде 2500 ммден ички аймактарында 5000 ммге чейин. Тайфун көп болуп турат. Негизги дарыялары – Белайт, Тутонг, Пандаруан ж-а Тембуронг, кеме жүрөт, Түш. Кытай деӊизине куят. Аймагынын 75%ин дайыма нымдуу экватордук токой ээлейт. Жалпы аянты 115,1 миӊ га болгон 10 коргоого алынган табыйгый аймагы бар, а. и. Улу-Тембуранг улуттук паркы уюштурулган.
Калкынын 87% – брунейликтер. Орт. жыштыгы – 1 км2 жерге 73 киши (2005). Калкынын жашынын орт. узактыгы: эркектериники – 72,4, аялдарыныкы – 77,4 жаш. Шаар калкы 75%. Ири шаары – Бандар-Сери-Бегаван. Ислам (66%), буддизм (14%) ж-а христиан динин тутат.
Б-дин байыркы тарыхы аз изилденген. 15-кда өлкөнүн биринчи султаны катары белгилүү болгон Б-дин башкаруучусу Аванг Алак Бетатар өзүн Мухаммед I деп атап, бийлик жүргүзгөн. 16-к-дын биринчи жарымында султандыктын өзгөчө гүлдөгөн учурунда, Б-дин бийлиги Калимантандын түн. жээктерине

Түштүк Кытай деӊизинин жээги.

ж-а коӊшу аралдарга чейин жеткен. 1580-ж. Б-ди испан колониячылары каратып алат. Аларды кууп чыкканына карабастан, өлкөнүн абалы бир топ начарлап, анын бийлиги астында Түн. Калимантан гана калган. 19-к-дын баш ченинде Б. деӊиз каракчыларынын борборуна ж-а кул сатуучу базарлардын бирине айланган. 1841-ж. англ. авантюрист Ж. Брук Саравакты каратып алып, бара-бара Б-дин жерлерин англичандар ээлей башташкан. 1847-ж. Улуу Британия Лабуан а-н басып алып, өз кызыкчылыктарын жактаган келишимди Б-ге таӊуулаган. 1877-ж. Түн.

Калимантандын бир бөлүгүн (Сабах) Б-дин султаны англ. ишкер Дентке ижарага кармата берген. 1888-ж. Б. британ протектораты болуп калган. Ал жерден нефть табылгандыгына байланыштуу 1906-ж. англ. резидент дайындалган. 1941–45-ж. Б-ди Япония басып алган. 1948–59-ж. аны Саравактагы англ. губернатор башкарган. 1956-ж. көз карандысыздык үчүн күрөшкөн Элдик партия түзүлүп, 1962-ж. көз каранды эмес Түн. Калимантан мамлекетин түзүү максатында көтөрүлүш чыгарган. Бирок, көтөрүлүш 1963-ж. англ. аскерлер тарабынан басылып калган. 1983-ж. чейин Улуу Британиянын протектораты болгон. 1984-ж. Улуу Британия м-н Б-дин ортосунда султандыктын көз каранды эместиги тууралуу келишимге кол коюлган. 1992-ж. «малай ислам монархиясынын» («мелаю ислам берадна») концепциясы иштелип чыккан, ал б-ча өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизи катары ислам мыйзамдары, башкаруунун монархиялык системасы ж-а малай мад-тынын баалуулуктары саналат. Өлкөдө шайлоо болбогондугуна карабастан, 20-к-дын аягы – 21-к-дын башында расмий түрдө Бруней Улуттук Бириккен партиясы (БУБП) ж-а Улуттук өнүгүү партиясы (УӨП) түзүлгөн (Б. улуттук партиясынын мурдагы лидерлеринин бири Яссин Аффанди тарабынан 2005-ж. негизделген). 2013–14-ж. Б. бийлиги бир катар өлкөлөрдүн ж-а эл аралык уюмдардын сынына кабылган шариат нормаларын өлкөнүн мыйзамдарына акырындык м-н киргизе баштады.
Э к о н о м и к а с ы н ы н негизин нефть ж-а жаратылыш газын өндүрүү ж-а экспорттоо түзөт. ИДПдеги өнөр жай м-н курулуштун үлүшү – 44%, айыл, токой ж-а балык чарбасы – 3%. Өнөр жайы тез темп м-н өсүүдө. Түш. Кытай деӊизинин жээгиндеги Серна аймагынан нефть казылып алынат. 2002-ж. 3,0 млрд кВт ·с электр энергиясы өндүрүлгөн. А. ч-на жарактуу 7 миӊ га жерине шалы, саго пальмасы, каучук ж-а кокос өстүрүлөт. Буйвол, чочко, эчки асыралат. Нефть ажыратуу, жыгаччылык, кеме ремонттоочу өнөр жайы бар. Дарыяларында кеме жүрөт, ал негизги транспорт болуп эсептелет. Автомобиль жолунун уз. 2,5 миӊ км, газ куурунун уз. 665 км, нефтиники 439 км, ички суу жолунуку 209 км. Сыртка каучук, токой, нефть, суюлтулган газ чыгарылат. Сырттан оор машина, хим. өнөр жай, а. ч., транспорт жабдууларын ж-а азык-түлүк алат. Негизги сырткы соода шериктери: Корея Респ-сы, Япония, Сингапур, АКШ, Малайзия, Таиланд.

Бандар-Сери-Бегавандагы Омар Али Сайфуддиндин мечити.

16-к-да ислам мад-тын байыткан көркөм чыгармалар пайда боло баштаган. 17–20-к-да европ. стилдеги эстеликтер маанилүү орунду ээлеген. Ал эми 20-к-да эл аралык стилдеги имараттар курула баштаган. Кол өнөрчүлүк өнүккөн. Алтын, күмүш, металл ж. б. асыл таштардан түрдүү зер буюмдары жасалат. Сүрөт өнөрүндө байыркы үрп-адаттары чагылдырылган. 1972-ж. музыканы (академиялык) кеӊири жайылтуу үчүн атайын муз. коом түзүлгөн. Мамл. ж-а менчик ЖОЖдор, о. эле компьютердик, муз., спорттук окуу борборлору, музейлери (1965), кол өнөр-

Бруней акчасы.