ВАЛИХАНОВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:32, 18 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата 2-tom>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Чокан (туурасы Шокан) Чыӊгызович, М у х а м м е д Х а н а ф и я (1835, азыркы Казакстан, Костанай обл., Кушмурун кыш. – 1865, азыркы Талды-Коргон обл., Алтын-Эмел кыш.) – казак

элинин туӊгуч окумуштуусу, агартуучу, тарыхчы, этнограф, фольклорист ж-а саякатчы. Азан чакырып койгондогу аты – Мухаммед Ханафия (тынчы жок, шоктугунан эркелетип жүрүп, Чокан атыгып калыптыр). Абылай хандын чөбүрөсү. Атасы Чыӊгыз (казактарда кан аталган ж-а орус падышалыгы да жогорку мансап берип, 1834-ж. Аман-Карагай округуна султан болуп шайланган) Чоканды алгач өз айылындагы диний мектептен, анан шаарга алып барып, өзүнүн жакшы таанышы, бай көпөстүн үйүнө жаткырып, орус мектебинен окутат. Мектепти ийгиликтүү аяктаган Чокан 1847–53-ж. Омскиде кадет корпусунда окуган. Аны бүтүргөн соӊ, Батыш Сибирь генерал-губернаторунун адъютанты болуп кызмат өтөгөн. 1860–61-ж. Санкт-Петербургда жашап, алдыӊкы орус интеллигенциясы м-н тыгыз алакада болгон. Россия ИАнын ж-а Геогр. коомунун иштерине активдүү катышкан. В-дун окумуштуу-агартуучу катары калыптанышына Г. Н. Потанин, И. Н. Березин, Ф. М. Достоевский ж. б. көрүнүктүү мад-т ж-а илим ишмерлеринин таасири чоӊ болгон. Анын ил. көз карашы көп кырдуулугу м-н айырмаланып, тарых, этнография, география, лингвистика, археологияга кызыккан. В. орус чыгыш таануу илимине зор салым кошкон. О. Азия, Казакстан ж-а Батыш Кытай элдеринин тарыхы, табияты, мад-ты б-ча баалуу ил. эмгектерди жараткан. Мис., «Жунгария очерктери» (1861), «Кыргыздар» (казактар ж-дө; 1858-ж. Жарык көргөн), «Аблай» (1861), «Сибирь ведомствосундагы кыргыздардын сот реформалары жөнүндө» (1904), «Кытай империясынын батыш чеги жана Кулжа шаары» (1958-ж. жарык көргөн), «Алты шаардын же Кытайдын Нан-лу провинциясынын чыгышындагы алты шаардын (Кичи Бухария) 1858–59-жылдардагы абалы жөнүндө» ж. б. Билимдүү, жерг. элдердин үрп-адатын, тилин, жер шартын мыкты билген адис кеӊешчи, котормочу катары чалгындоо иштери м-н байланышкан О. Азияга ж-а Кытайга аскердик-ил. экспедицияларга катышкан. Ошондой экспедициялардын бири – М. М. Хоментовскийдин Ысык-Көл м-н Күнгөй Ала-Тоого жасаган ил.-аскердик экспедициясынын курамында 1856-жылдын май, июнь айларында кыргыз жергесинде болгон. В. ушул сапарында «Манас» эпосу м-н таанышыптыр: «(майдын) 26сында менде ырчы, тоолук кыргыз болду. Ал «Манас» поэмасын билет экен». («Ысык-Көлгө баруунун күндөлүгү»). В. Кокондун соодагер көпөсү катары Кашкарга жашыруун өтүп бара жатканда да кыргыз жергесинде болгон. Кыргыздын бугу, сарыбагыш, солто урууларында болуп, эл м-н таанышкан. Ошол эле мезгилде атайын тапшырма м-н Кулжада үч ай жүрүп, элчилик мамилелерди жандандырган. 1857-ж. кайрадан Ала-Тоодогу кыргыздарга саякат жасаган. Кыргыз элинин тарыхына да өзгөчө көӊүл буруп, кыргыздар Теӊир-Тоодо эзелтен бери жашагандыгын, Енисей ж-а Теӊир-Тоо кыргыздарынын тарыхый тамыры бир экендигин жазган. Кыргыздар Енисейден Теӊир-Тоого Чыӊгызхандын тушунда же ага чейин эле уйгурлар Орхондон журт которгон тушта бөлүнүп келишкен деп божомолдогон. Чокан В-дун казактардын, о. эле кыргыздардын тарыхы, каада-салты, үрп-адаты, мад-ты, тили тууралуу баалуу ил. пикирлери окумуштуунун бүткөрө иштелбеген, тема коюлбаган, кыргыздар ж-дөгү көлөмдүү «Ысык-Көлгө баруунун күндөлүгү» кол жазмасында ж-а 1860-ж. Санкт-Петербургда жазылган анын маанилүү эмгектеринин бири болгон «Жунгария очерктеринде», «Кыргыздагы шаман калдыгы», «Кыргыздардын байыркы учурдагы курал-жабдыктары», «Кыргыздардын көчүп-конгон жерлери» (1871) ж. б. ил. эмгектеринде чагылдырылган. В. казактын туӊгуч сүрөтчүсү катары да белгилүү. Анын ил. иштери ж-а күндөлүктөрү көптөгөн портреттик, пейзаждык сүрөттөр («Сартай сарыбагыш уруусунан» ж. б.) м-н коштолгон. Ал өзү «Манас» эпосунун эӊ мыкты эпизоду деп эсептеген «Көкөтөйдүн ашын» кагаз бетине биринчи түшүрүп, анын бир бөлүмүн орус тилине которгон. В. жазып алган тексттердин жалпы көлөмү – 3320 сап. Жазуу учурунда үлгүрбөй окуя үзүлүп калган жерлер көп. Андай учурлар ыр сабынан кийин көп чекит коюу м-н белгиленген. Жазылган тексттердин мазмуну кийинки манасчылардын варианттарынан Сагымбай айткан үлгүгө көп жагынан жакын. Окумуштуунун көзү өткөн соӊ, бул тексттердин дареги белгисиз болуп жүрүп, аны 1960-жылдардын орто ченинде казак окумуштуусу акад. А. Маргулан таап, факсимилесин кеӊири кириш сөз ж-а комментарийлери м-н 1971-ж. Алматыда «Шокан жане “Манас”» деген аталышта жарыялаган. Чокан 1860-ж. өзү Санкт-Петербургда жүргөндө «Манастын» тексттерин орус тилине которуп жаткандыгын эскерет. Бирок, ооруп калганына байланыштуу, аягына чыкпай калган. Эпостун 910 сабы гана которулган. Котормонун деӊгээли окумуштуулар тарабынан жогору бааланган. Бул эмгек 1904-ж. В-дун башка тандалма эмгектеринин арасында Санкт-Петербургда жарык көргөн. В. «Манас» эпосуна жогору баа берип: «Манас» – бир мезгилге келтирилген ж-а бир кишинин, Манас баатырдын тегерегине топтолгон бардык кыргыз жомокторунун, санжыраларынын жыйнагы. Бул – тоодо, талаада жашаган элдин «Илиадасы». Кыргыздардын жашоо шарты, үрп-адаттары, кулк-мүнөзү, геогр., диний, мед. түшүнүктөрү, алардын эл аралык байланышы бул зор эпопеядан орун алган», – деп белгилейт. Ал ооруп калганына байланыштуу Санкт-Петербургдан элине кайтып келип, 30 жаш курагында дүйнөдөн кайткан. Чыг.: Собр. соч. Т. 1–5. Алма-Ата, 1984–85. Ад.: Өмүрзаков С. Тар жол, тайгак кечүү менен. Ф., 1963; Забелин И. М. Чокан Валиханов. Ф., 1960; Маргулан А. Шокан жане «Манас». А., 1971. С. Мусаев.