БИОСФЕРАНЫ БУЛГОО

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:52, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИОСФЕРАНЫ БУЛГОО – адамзат коомунун биосферага тийгизген терс таасирлеринин жыйындысы. Алар биосферада зыяндуу заттардын өлчөмүн көбөйтүп, жашоо чөйрөсүнө залалдуу жаӊы хим. бирикмелерди пайда кылат. Натыйжада биосферада бир топ өзгөрүүлөр болот. Мис., темп-ранын кескин көтөрүлүшү, табигий радиоактивдүүлүктүн күчөөсү ж. б. Мындай кесепеттер өз кезегинде адамдын ден соолугуна ж-а айлана-чөйрөгө өтө зыяндуу таасирин тийгизип, адамзаттын жашоо мүмкүнчүлүгүн чектөөдө. Учурда адамзаттын иш-аракетинин реалдуу натыйжасында тигил же бул формасына алып келүүдө. Буга өнөр жайдын, энергетиканын, транспорттун чар жайыт өнүгүүсү, а. ч-нын ж-а тиричиликтин химияланышы, калктын тез өсүшү, о. эле планетанын ургаалдуу урбанизациясы түрткү болууда. Мис., Жердин булгануунун түпкүрүнөн жылына 300 млрд т тоо тек казып алынып, млрд т чамасында шарттуу отун жагылат; атм-га 20 млрд т СО2, 300 млн т СО, 50 млн т NOХ, 150 млн т SO2, 4–5 млн т H2S ж. б. зыяндуу газдар, 400 млн т күл ж-а чаӊ кошулат; гидросферага 600 млрд т өнөр жай ж-а тиричилик таштандылары төгүлүп, 10 млн т нефть ж-а нефть бирикмелери ташталат. Биосферага жерден казылып алынган металлдардын 50%, хим. сырьёнун 30%, жылуулук электр станцияларынын иштелип чыккан жылуулуктун 67% кошулууда. Мындан жылына биосферада мурда такыр кездешпеген ж-а зыяндуу касиеттеринен ажырабаган хим. бирикмелер (ксенобиотиктер) пайда болот. Б. б-нун масштабы өтө зор болгондо метаболизмдин табигый процесстерин ж-а атм. м-н гидросферанын суюлтуу мүмкүнчүлүгү планетанын айрым бөлүктөрүндө адамзаттын чарбалык зыяндуу таасирин жөнгө сала албай калат. Бул биосферанын өзүн-өзү жөнгө салуу процессине тоскоол болуп, табият системаларынын бузулушу, токой м-н а. ч. аянттарынын кыскарышы ж-а түшүмдүүлүгүнүн төмөндөшү, экосистемалардын деградациясы, адамзаттын ден соолугунун начарлашы м-н коштолууда.
Б. Үсөнканов.