БИОТАЛЫК КАТНАШТАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:57, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИОТАЛЫК КАТНАШТАР – тирүү организмдердин ортосунда азыкка, жашоо ареалына, коргонууга же кол салууга байланышкан түрдүү мүнөздөгү катнаштары. Мис., жырткычтык, митечилик, комменсализм, мутуализм, нейтрализм, аменсализм, симбиоз, зоохория ж. б. Алардын натыйжасында бир түрдүн популяциясынын саны жөнгө салынып, башка бир үчүнчү түрдүн популяциясынын жашоосу, өсүүсү камсыз кылынат, б. а. ушул Б. к-дын натыйжасында белгилүү бир тарыхый эвол. убакытта өнүгүп, чексиз жашоочу биол. системага айланат. Жырткыч жандыктар өлчөмү жагынан жем боло тургандарынан чоӊураак; мителер ээсине караганда майдараак болот. Комменсалдык мамиледе бирөөсү пайда алат, ал эми экинчи түрдүн популяциясы пайда да, зыян да көрбөйт. Мутализмде болсо эки популяция теӊ пайда көрөт ж. б.