БИОЦЕНОЗДОГУ ОРГАНИЗМДЕР БАЙЛАНЫШЫ
БИОЦЕНОЗДОГУ ОРГАНИЗМДЕР БАЙЛАНЫШЫ – биоценоздун калыптанышына ж-а анын туруктуулугуна ээ болгон тарыхый эвол. процесс. Ар бир түр белгилүү бир мейкиндикти азык, жашоо чөйрө катары пайдалануу үчүн түздөн-түз ж-а кыйыр түрдө катнашка кирип, биоценоздун пайда болушуна өбөлгө түзөт. Биоценоздогу түрлөрдүн ортосундагы түз же кыйыр түрдөгү байланыштар, ээлеген экол. текчеси эске алынып, трофикалык, тоникалык, форезия байланыштары деп бөлүнөт. Трофикалык байланыш – тирүү организмдердин түрлөрүнүн популяцияларынын ичиндеги бир организмдин экинчи бир организм (тирүү, өлүү же алардын иштеп чыккан продуктусу) м-н азыктануусунун негизиндеги азыктык байланышы. Биоценоздогу организмдик-азыктык байланыштардын натыйжасында азык тизмеги ж-а азык торчолору пайда болот. Биоценоздогу азыктык байланыш же азыктык тизмек организмдерди бири-бирине энергиялык жактан көз каранды кылып, биоценоздун түзүлүшүнүн туруктуулугун камсыз кылууда чоӊ мааниге ээ, б. а. азык торчосу канчалык жыш болсо, биоценоздун туруктуулугу ошончолук жогору болот. О. эле биоценоздогу организмдер азык тизмегин ж-а торчосу б-ча сандык ж-а сапаттык жактан белгилүү бир катышта болуп, бири бирине көз каранды келет. Тоникалык (мейкиндик) байланыш – биоценоздогу организмдердин түздөн-түз же кыйыр байланышы. Кыйыр түрүндөгү мейкиндик байланышы организмдердин тиричилик аракетинин натыйжасында башка бир организмдердин жашоо чөйрөсүнүн физ., хим. касиеттерин ж. б. шарттарын өзгөртүүсү м-н жүрөт, б. а. мындай кубулуштарга бир түрдүн экинчи бир түр жашай турган субстраттарды ж. б. чөйрөлөрдү түзүшү ж-а суунун, абанын агымын камсыз кылышы, темп-раны өзгөртүшү ж-а ар кандай чөйрөгө продуктуларды бөлүп чыгарышы кирет. Организмдердин трофикалык, тоникалык байланыштары биоценоздогу тирүү организмдердин сандык ж-а сапаттык жактан калыптануусуна ж-а алардын туруктуулукка ээ болуп нормалдуу жашоосунда да мааниси зор. Форезия байланышы – бир организмдин экинчи бир организмди «унаа» катары пайдаланып, бир жерден экинчи жерге барышы. «Унаалык» кызматты көбүнчө жаныбарлар аткарат. Өсүмдүктөрдүн уругунун, спорасынын, чаӊчасынын жаныбарлар аркылуу бир жерден экинчи жерге барышы з о о х о р и я, ал эми майда омурткасыз жаныбарлардын (кенелер ж. б.) өзүнөн чоӊ жаныбарлар аркылуу бир жерден экинчи жерге таралышы ф о р е з и я кубулушу деп аталат (форез – «сыртында» деген мааниде). Жаныбарлардын форезиялык жол м-н таралышы майда муунак буттуулардын арасында да кездешет. Форезиялык таралуу пассивдүү жол м-н жүрөт. Анткени, бул жаныбарлар майда болгондуктан морфол. өзгөчөлүктөрү бир жерден экинчи жерге жылууга мүмкүнчүлүк бербейт.
Ад.: Кулназаров Б. Жалпы экология. Б., 1999; Криволуцкий А. Е. Голубая планета. М., 1985.
Ж. Карамолдоев.