БИРГЕ ЧӨГҮҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:52, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИРГЕ ЧӨГҮҮ – чөктүрүү реакциясынын учурунда эритмеде эриген кошунду заттардын чөкмө м-н кошо чөгүшү. Ал беттик абсорбция, окклюзия, изоморфизм процесстери аркылуу жүрөт. Эритмедеги өтө аз сандагы микрокомпоненттерди аныктоодо алардын концент-сын жогорулатуу үчүн пайдаланылат. Бул учурда изилденүүчү эритмеге алдын-ала кандайдыр бир макрокомпонент кошуп, андан кийин ал туура келген чөктүргүч м-н чөгөрүлөт. Чөкмө микрокомпонент м-н кошо түшөт. Мындай чөктүрүү коллектор м-н чөгөрүү деп аталат.