БИРДИК (Ысык-Ата районундагы кыштак)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:52, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИРДИК – Чүй обл-нун Ысык-Ата р-нундагы кыштак. Бирдик айыл округуна караштуу. Райондун борбору ж-а темир жол бекети Кант ш-нан 15 км түн. тарапта. Деӊиз деӊг. 700 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 2125 (2009); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, бала бакча, үй-бүлөлүк врачтар тобу, мончо, китепкана бар.