БИРДИК (Аламүдүн районундагы кыштак)
БИРДИК (мурдагы Т и л е к, Б а я с т а н) – Чүй обл-нун Аламүдүн р-нундагы кыштак. Гроздь айыл округуна караштуу. Чүй д-нын боюнда, деӊиз деӊг. 500 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Лебединовка кыш-нан 25 км түн.-батыш тарапта. Аламүдүн темир жол бекетинен 30 км. 1931-ж. отурукташкан. Калкы 1255 (2009); негизинен жашылча өстүрүүдө эмгектенет. ФАП, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү бар.