БИР ЖАНА ЭКИ ЖАКТУУ БЕТТЕР
БИР ЖАНА ЭКИ ЖАКТУУ БЕТТЕР – мейкиндикте жайгашуусу б-ча айырмаланган беттердин эки түрү. Мис., цилиндр эки жактуу бетке, ал эми Мёбиус барагы, Клейн бети бир жактуу бетке кирет. Бул беттердин мүнөздүү айырмачылыктары бар. Мис., цилиндрдин чеги эки ийри сызык, ал эми Мёбиус барагынын чеги бир ийри сызык. Туюк беттерден тор эки, Клейн бети бир жактуу бет болуп эсептелет.