БИРИККЕН СӨЗДӨР
БИРИККЕН СӨЗДӨР – компоненттери тыбыштык жактан өзгөрүүгө учурап, өз ара ширелишип биригип, бир бүтүн сөзгө айланган, бир маани берип, бир басым м-н айтылуучу татаал сөздөр. Б. с-дө тутумундагы эки сөздүн ичиндеги бир тыбыш башка бир тыбышка өтүп кетет же бир же бир нече тыбыш, кээде муун да сыйлыгышып түшүп калат: быйыл (бу+жыл), кайнене (кайын+эне), аржак (ары+жак), ушер (ушул+жер). Кээ бир Б. с-дүн бир компоненти азыркы учурда маанисин жоготкон же мааниси күӊүрттөнүп калган: карагат, кызылгат (алтай тилинде: кат – жемиш), алпкаракуш, Гүлсарат ж. б.