БИРИНЧИ МАЙ (Бакай-Ата районундагы кыштак)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:52, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИРИНЧИ МАЙ – Талас обл-нун Бакай-Ата р-нундагы кыштак. Орто айыл аймагына караштуу. Райондун борбору Бакай-Ата кыш-нан 28 км түн.-батыш тарапта. Жамбыл темир жол бекетинен 80 км. Деӊиз деӊг. 1027 м бийиктикте жайгашкан. Кыштак 1928-ж. негизделген. Калкы 1461 (2009); негизинен дыйканчылыкта ж-а мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, бала бакча, ФАП, клуб, китепкана бар.