БИРЮКОВ Петр Филиппович
БИРЮ́КОВ Пётр Филиппович (1912, Чүй обл., Ысык-Ата р-ну, Ивановка кыш. – 1979, ошол эле жерде) – механизатор, Соц. Эмг. Баатыры (1948). Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. Эмгек жолун 1929-ж. Ысык-Ата р-нундагы Фурманов атн. коммунада тракторчу болуп иштөөдөн баштаган. 1930-жылдан Краснореченск МТСтин тракторчулар бригадасынын бригадири, механик, МТСтин директору. Анын бригадасы тейлеген «Красный путь», Ленин атн. колхоздор 1947-ж. 65 га аянттагы кант кызылчасынын ар гектарынан 427,5 ц түшүм жыйнаган. Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери м-н сыйланган.
