БИСАУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:52, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИСА́У – Гвинея-Бисау мамлекетинин борбор шаары; Бисау автономия секторунун адм. борбору. Калкы 492,1 миӊ (2015). Атлантика океанындагы порт. Эл аралык аэропорт; күрүч тазалоо, май, карапа чыгаруу ишканалары, тамак-аш, тактай тилүү, эмерек, жеӊил өнөр жай, тарыхый-көркөм музейи бар. Сыртка пальма майын ж-а пальма жаӊгагынын данегин, жер жаӊгак, тери, жыгач материалдарын чыгарат. 17-к-дын аягында португалдар негиздеген. Кеме ремонттоочу мастерскою иштейт.