БИСМАРК
БИ́СМАРК Отто Эдуард Леопольд фон Ш ё н х а у з е н (1. 4. 1815, Шенхаузен – 30.7.1898, Фридрихсру) – германдык мамл. ишмер; Германия империясынын биринчи рейхканцлери (1871–90). 1859–62-ж. Пруссиянын Россиядагы, Франциядагы элчиси. 1862-жылдан Пруссиянын министр-президенти ж-а тышкы иштер министри, 1867-ж. Түн. Германдык Союзду түзгөндөн кийин бундесканцлер болгон. Б. Франция-Пруссия (1870–71) согуштарынан кийин Пруссиянын сунушу м-н Германияны бириктирүүнү

толугу м-н ишке ашырып, Герман империясынын рейхсканцлери кызматын аткарган. Б. Германияда борборлоштурулган банк системасын ж-а жалпы акча бирдигин киргизген, мындан тышкары бир топ башкаруучулук жайындагы реформаларды ишке ашырган. Анын католик чиркөөсүнүн таасирин чектөөгө багытталган («культуркампф») иш-чаралары ийгиликсиз аяктаганына карабастан, өлкө б-ча мамл. кызматкерлер тарабынан көзөмөлдөнгөн билим берүүнүн пруссиялык системасы киргизилген. Б. герман парламентинин (рейхстаг) укуктарын чектөөгө аракеттенген ж-а «социалисттерге каршы өзгөчө мыйзам» киргизген. Социалдык камсыздоо системасынын тарыхында биринчи жолу социалдык камсыздоо б-ча бир катар мыйзамдар кабыл алынган. Тышкы саясатта анын демилгеси м-н алгач «Үч императордун союзу», кийин «Үчтүктөр союзу» уюштурулган. Б-тын улуттук экономиканы чыӊдоого багытталган саясатынын натыйжасында, Германияда өнөр жайы ж-а соода өнүгүп, о. эле чет жерлерде жаӊы колониялар каратылган. Император Вильгельм Iнин ордуна бийликке келген Вильгельм II өз бийлиги үчүн Б-тан чочулап, 1890-ж. аны отставкага кетүүгө аргасыз кылган.