БИССЕКТРИСА
БИССЕКТРИ́СА, б у р ч т у н б и с с е к т р и с а с ы (би… ж-а лат. seco – жара бөлөм, кесем) – бурчтун чокусунан чыгып, аны теӊ экиге бөлүүчү түз сызык. Анын каалагандай чекити бурчтун жактарынан бирдей алыстыкта турат. Үч бурчтуктун Б-сы – ички бурчтун карама-каршысындагы жактарды анын каптал жактарына пропорциялаш кесиндилерге бөлүүчү түз сызык. Б-нын бир учу бурчтун чокусунда жатат, экинчи учу үч бурчтуктун жактарын кесип өтөт. Үч бурчтуктун Б-лары ичтен сызылган айлананын борборундагы чекитте кесилишет.