БИТ (кан соргуч мите)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:57, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИТ – адамдын, сүт эмүүчүлөрдүн ж-а кээ бир куштардын кан соргуч митеси. 150дөн ашык түрү белгилүү. Денеси жалпак, уз. 1–5 мм, башы ж-а көкүрөгү кичине, курсагы чоӊ, 2 көздүү, кээ бири сокур болот. Оозу терини сайып, кан сорууга ыӊгайлашкан. Кишиде кийим бити ж-а чач бити мителик кылат. Бардык өөрчүү стадиясында (сиркеден башка) кан соруп азыктанат. Сиркесин чачка же кийимдин түгүнө жабыштырып таштайт. Сиркеден личинка чыгып, ал үч жолу түлөп, битке айланат. Кийим бити 2 ай, чач бити 4 жума жашайт. Өөрчүү цикли 15 күнгө созулат. Б. баш келте, кайталанма келте козгогучтарын таратат.