БИТУМ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:52, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИ́ТУМ (лат. bitumen – чайыр, асфальт) – сууда эрибеген, катуу же суюк углеводороддун ж-а алардын суутектүү, күкүрттүү, азоттуу бирикмелеринин аралашмасы. Тыгыздыгы 1000 кг/м3га жакын, 25–90°С темп-рада жумшарат. Табигый ж-а жасалма (нефтини буулантып, крекингдеп, майды тазалоодон калган калдыктардан алынуучу) болуп бөлүнөт. Б. табигый кендерде кездешет же нефть иштетүүдөн калган калдыгы катары алынат. Б. сиӊирилген рубероид үйдүн чатырын жабуучу материал ж-а суу өткөрбөгүч (гидроизоляциялык) катмар катары кеӊири колдонулат. Б-дан жасалган боёк ар кандай темир буюмду дат басуудан сактайт ж-а курулушта байыртадан байланыштыргыч материал катары цементтин ролун аткарган. Бетон өндүрүшүндө колдонулуучу толтургуч зат (шагыл ж. б.) м-н аралаштырып, жолдун таманын жапса болот. Табигый Б. нефтинин (асфальт), таш көмүрдүн, күрөӊ көмүрдүн, чым көӊдүн курамында бар, бензолдо, күкүрттүү көмүртекте, хлороформдо ж. б. эрийт.