БИХАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:52, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИХА́Р́ – Индиянын түн.-чыгышындагы тарыхый облус, 1950-жылдан Индия республикасынын штаты. Ган­га түздүгүндө жайгашып, түндүгүнөн Непал, чыгышынан Батыш Бен­га­лия, батышынан Мад­хья-Пра­деш ж-а Ут­тар-Пра­деш, түштүгүнөн Джарк­ханд шта­ттары м-н чектешет. Аянты 94 миң км2. Калкы 90,3 млн киши (2005). Адм. Борбору – Пат­на. Бихар салты Будда Шакь­я­му­нинин (б. з. ч. 6–5-к.) ишмердүүлүгү м-н байланышкан. Гупта ж-а Ашока (б. з. ч. 3-к.) империяларынын тушунда Б. гүлдөп өнүккөн. Б. 12-к-дын аягы–18-к-дын ортосунда Дели султанатынын, Улуу Моголдор мамлекетинин курамында. 1757–65-ж. англиялыктарга, 1911-жылдан Британдык Индия провинциясына баш ийген.