БИШКЕК ГУМАНИТАРДЫК УНИВЕРСИТЕТИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:57, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИШКЕК ГУМАНИТАРДЫК УНИВЕРСИТЕТИ К. Карасаев атн. – жогорку окуу жайы. Гуманитардык билим берүүдө, дүйнөлүк тилдерди окутууда бай тажрыйбага ээ. Анын негизин 1979-ж. ачылган Фрунзе орус тили ж-а адабияты пед. ин-ту түзгөн. Ал 1992-ж. Тил ж-а гуманитардык илимдердин мамл. ин-ту, 1994-ж. Бишкек гуманитардык ун-ти болуп түзүлгөн. Унт-те чыгыштаануу ж-а эл аралык мамилелер, европа цивилизациясы, кыргыз филологиясы, славянтаануу ж-а журналистика, башкаруу, социология ж-а психология, экология, экономика ж-а менежмент, кыргыз-кытай ф-ттери ж-а маалыматтык система, китеп ж-а архив иштери бөлүмү, о. эле Үзгүлтүксүз билим берүү ин-ту ж-а Гуманитардык илимдердин ил.-из. ин-ту, аспирантура, докторантура бар. Окуу-методикалык, ил., тарбиялоо ж-а практикалык иштерди 35 кафедра, 20га жакын борбор алып барат. Окуу бюджеттик ж-а келишимдик негизде жүргүзүлүп, 30дан ашык адистикти ж-а кошумча адистикти даярдайт. БГУ материалдык-тех. базасы мыкты, ил.-пед. кызматкерлеринин сапаттык курамы жогору окуу жайлардын катарына кирет. 80ге жакын илимдин докторлору ж-а кандидаттары ж-а 70тен ашык чет элдик адистер эмгектенишет. Көптөгөн чет өлкөлүк окуу жайлары, ил. борборлор м-н кызматташат. Ун-ттин уюштуруучусу, биринчи ректору Скирдов В. Д. болгон. Кийинки ректорлору: В. К. Янцен (1986–99), К. К. Конкобаев (1992–94), Т. Т. Тургуналиев (1994), И. С. Болжурова (1995–2002), С. Ж. Мусаев (2003–05), А. И. Мусаев (2005-жылдан).