БИШКЕК ДЕКЛАРАЦИЯСЫ (2007)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:57, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИШКЕК ДЕКЛАРАЦИЯСЫ (2007) Бишкек саммитинде кабыл алынып, Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) мүчөлөрүнүн жакынкы келечектеги кызматташуусунун негизги багыттарын аныктаган эл аралык документ. 2007-ж. 16-августта Бишкек ш-нда ШКУга мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын саммитинде кабыл алынган. Бул документте азыркы учурда бүткүл жер жүзүндө жүрүп жаткан глобалдашуу процесси дүйнө мамлекеттеринин ортосундагы бири-бирине болгон өз ара көз карандылыкты улам тереӊдетип баратканы, бул кырдаалдар айрыкча аймакташ өлкөлөрдүн коопсуздук, туруктуу өнүгүү проблемалары м-н ажырагыс биримдикте экендигин, андыктан мындай эл аралык масштабдагы ири маселелерди айрым өлкө өз тарабынан бир жактуу аракеттери аркылуу чече албай тургандыгы баса белгиленген. Б. д-нда дүйнөлүк экономиканын туруктуулугун камсыздоонун, жакырчылыкты азайтуунун, өлкөлөрдүн социал.-экон. өнүгүү деӊгээлдерин бир кылкалаштыруунун, экон., экол., энергетикалык, маалыматтык коопсуздуктарын камсыз кылуунун, о. эле калкты ж-а ШКУга мүчө мамлекеттердин аймагын табигый, техногендик мү- нөздөгү өзгөчө кырдаалдардан келип чыгуучу кырсыктардан коргоо сыяктуу милдеттерди эл аралык коопсуздуктун проблемаларынан алып таштоого болбой тургандыгы да көрсөтүлдү.
ШКУга мүчө мамлекеттер өздөрүнүн тышкы иштери б-ча биргелешкен аракеттерине коопсуздуктун төмөнкүдөй арх-расын түзүү м-н эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган нормаларынын негизинде жүргүзөт, тактап айтканда: эл аралык мамилелердин бардык субъектилеринин таламдар балансын эске алат (чагылдырат); ар бир мамлекетке өзүнүн тарыхый тажрыйбасына ж-а улуттук өзгөчөлүгүнө ылайык өнүгүү жолун эч кимге көз каранды болбой, өз алдынча тандап алуу, мамл. биримдигин ж-а улуттук кадыр-баркын коргоо, эл аралык иштерге теӊ укукта катышуу укугун камсыз кылат; эл аралык, аймактык жаӊжалдарды ж-а кризистерди саясаттын, дипломатиянын каржаттары м-н бардык тараптардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын, мүдөлөрүн эске алуу аркылуу Эл аралык укуктун нормалары м-н принциптерине ылайык жөнгө салуунун кепили болот; мад-тарда ж-а цивилизацияларда ар түрдүүлүктүн сакталышына, цивилизациялар м-н диндердин ортосундагы диалогдордун тереӊдөөсүнө багытталган демилгелердин колдоого алынышына кам көрөт. ШКУга мүчө мамлекеттер ШКУнун аймактык террорго каршы биргелешип, уюшкандык менен иш алпарууну жогору баалайт, о. эле анын терроризм, сепаратизм ж-а экстремизм м-н болгон күрөштү андан ары өркүндөтүүгө олуттуу мүмкүнчүлүктөрү бар деп эсептейт. ШКУга мүчө мамлекеттер мындан ары да энергетика б-ча диалогду улантуу аркылуу энергия берүүчү, отун өндүрүүчү, транзиттөөчү ж-а керектөөчү мамлекеттер ортосунда практикалык кызматташтыкты эске алуу м-н колдоого алат. ШКУга мүчө мамлекеттер экон. жактан өнүгүүнүн улуттук программасын ишке ашырууда бири-бирине практикалык жардам көрсөтүүгө даяр экендиктерин ырасташты. ШКУга мүчө мамлекеттер эл аралык укуктун алкагында өз ара кызматташууга кызыкдар үчүн Шанхай Уюмунун эшиги ачык экенин дагы бир жолу ырастады.
Азат Абдысатар уулу