«БИШКЕК МАШИНА КУРУУ ЗАВОДУ»

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:52, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«БИШКЕК МАШИ́НА КУРУУ ЗАВОДУ» (БМЗ ААК) – ачык акционердик коом (1997). Бишкектеги машина куруу заводунун базасында уюшулган. БМЗ ААКты өнүктүрүү үчүн 2006-ж. заводдун 2010-ж. чейинки экон. өнүгүү программасы кабыл алынган. Завод КМШда токардык патрондорду, автоматтык өчүргүчтөрдү чыгаруу б-ча монополист болуп саналат. Азыркы учурда Россия, Украина, Казакстан ж. б. өлкөлөрдүн сатып алуучуларынан суроо-талаптар көп түшүүдө. Сырьё, ар кыл материалдар, комплекттөөчү буюмдар ж-а металл прокаттар Кыргызстандын өзүнөн тышкары Россиянын, Украинанын, Казакстандын, Молдованын 118 заводунан келет. О. эле заводдун тамак-аш өнөр жайы кайра иштетүү ишканалары, тоо-кен, геологиячалгындоо, айылчарба, машина куруу ж. б. тармактар үчүн тех. жабдууларды, аспаптарды, минитехниканы, бардык тармактардын жабдуулары үчүн запастык бөлүктөрдү чыгарууга мүмкүнчүлүгү бар.